7-августта WADAнын башчысы Ричард Макларен Орусия курамасын кызытма колдонгон деп айыптаган.

Эл аралык параолимпиада комитети болсо бир добуштан Орусия курамасын оюндардан четтетүү чечими кабыл алган.

Спорт министри Виталий Мутко спорттук арбитраждык сотко арыз бере тургандарын айткан.

«Биздин көпчүлүк спортчуларыбыз таза»,- деп  айткандыгын РИА Новости кабарлайт.

15-августта Орусия кайрадан аппеляция берген. Бирок CAS бул арызды четке какты.

Параолимпиада боюнча мелдештер Бразилиянын Рио-Де-Жанейро шаарында 7-сентябрда башталат.