Кыргызстандагы алтын кендери башка өлкөлөрдүн сугун арттырып келгени менен, айрым алтын өндүрүштөрүнүн иши шыр жүрүп кеткен жок.

Жалпы алтын кендер

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик балансында чалгындалган запасы менен 430 тонна алтын бар жана 2500 жакын алтындын тамыры табылган.

Алтындын запасы боюнча биринчи орунда Кумтөр турат (200 тонна). Андан кийин ири болуп эсептелген Жерүй, Талды-Булак кендери (70 тонна). Калгандары Макмал, Бозымчак, Үңкүрташ, Иштамберды, Алтын-Жылга (30-70 тонналык) жана кичи Солтон-Сары, Жамгыр, Терек, Тереккан кендери(5-30 тонна) кирет.

Азыркы күндө Макмал, Кумтөр, Солтон-Сары, Терек, Тереккан, Жамгыр, Иштамберды кендери иштеп жатат. Ал эми айрымдары ишин түзүк алып бара албай, мамлекеттик саясат туура жүргүзүлбөй, жеке кызыкчылыктардын курмандыгы болуп кетүүдө. Жылдап-айлап багы ачылбаган алтын иштетүү ишканалары жок эмес.

Чыры бүтпөгөн Кумтөр кени

Кендердин ичинен эң ириси болуп эсептелген Кумтөрдүн потенциалы өтө кең болгону менен башынан эле жемкорлукка белчесинен батып, алдыдагы тагдыры күмөн.

1992-жылы ишин баштаган кен өндүрүшүнөн америкалыктар өз кызыкчылыгын көздөп, КРдин бийлиги мамлекеттин келечегин эмес, айрым адамдар өз чөнтөгүн ойлоп, жыйынтыгында, экономикалык, экологиялык жактан түшүнбөстүктөр орун алып, саясатташып кеткени жашыруун эмес.

Башында 67%на ээлик кылат деген Кыргызстан 16%га гана ээ болуп калып, бийлик тарабынан нааразычылыктар туулду. Ошого жараша эки тараптуу түшүнбөстүктөр пайда болуп, чырдын түйүнү алигиче чечиле элек.

Жаманды коногу бийлейт болуп жатат

Кен тармагы боюнча адис Расул Үмбөталиев айтымында, алтын кенин иштетүү эки тараптуу болот.

«Биринчиси байлык болсо, экинчиси көйгөйлөр. Жалпылап айтканда мурунку жана азыркы бийликтегилер өз кызыкчылыгын ойлоп, мамлекеттикин ойлошкон жок» — дейт тоо кен тармагы боюнча адис Расул Үмбөталиев.

Ал билдиргендей, Кумтөрдүн маселеси толугу менен чечиле элек. Эмнеге дегенде Канадалыктар өздөрүн кожоюн сезип, каалаганын кылып жатат. Ачык түрдө алтынды казып, жер астындагыны казбай коюшту. Башкача айтканда жаманды коногу бийлейт болуп жатат.

«Кумтөрдө үлүшү бар 18 кыргыз жараны Канадалыктардын тарабына туруп алды. Алардын атын эч ким ачык атай элек. Кыргызстандын алтыны болобу же башка байлыгы болобу азыркы учурда эч бири эл үчүн иштебей жатат. Ошондуктан бул тармактар аксап жатат» — деген оюн билдирет ал.

Колдон-колго өтүп

Жолу болбой келген Жерүй кени 1968-жылы чалгындоого алынып, 75 тоннадан ашык алтындын запасы бар экени аныкталган. Ал мурун эле чет өлкөлүктөрдү кызыктырып келген. Кыргыз өкмөтү 1993-жылы америкалык компанияга, андан кийин англиянын ишканасы менен келишим түзүп, бирок алардан майнап чыгара алган эмес. 2006-жылы «Глобал Голд» компаниясынын лицензиясын да алып коюга мажбур болгон. Казакстанга катталган «Визор групп» ишканасы менен болгон келишим да сот иши менен аяктаган. Сот иши аяктай электе өкмөт 100 млн долларлык лицензияны сатууга сынак жарыялап, Муса Бажаевдин «Восток-геолдобыча» ишканасына тиешелүү «Альянс Алтын» ЖЧКсы утушка ээ болгон. Бажаев деле ишти баштап жиберген жок.

«Жерүйдүн да чыр-чатагы көп. Бир компаниядан алып экинчисине бергенден маселе чечилген жок. Орусиялык компания конкурстан утуп алганы менен эч нерсени кыймылдата элек. Азыр өндүрүштү жүргүзүүнү башташы керек эле. Алар азыр башка ишканага сатканга аракет кылууда» — деди адис.

Эмнеге маселе чечилбей жатат?

«Тоо кен тармагы өлкө үчүн эң бир маанилүү тармак болуп эсептелинет. Каражат менен байлык ошол жактан көп түшөөрү маалым. Биз ага жакшы көңүл бурбай жатабыз. Инвестор алып келип, байлыкты туура баалай алсак, алтынбы, күмүшпү же башка жер байлыгыбы аны туура сатып, туура саясат жүргүзө алсак ошондо кендер эл үчүн иштейт. Ал эми азыр бийлик жеке кызыкчылыгын ойлоп, ошондуктан маселелер чечилбей жатат», — деп кошумчалайт Үмбөталиев.