Ар бир ата-эненин, өзгөчө эненин тилегени кыздын орун-очок алып, ордун таап кетиши. Ошого жараша кыздар өз каалоосунан сырткары ар кандай сөз, кээде жеме укканга дуушар болот.

9 жашта күйөөгө чыгууга уруксат бар

Ошондой эле турмушка чыгууга жарап калган кыздын тагдырына дүйнөнүн ар өлкөсүндө ар башкача мамиле жасалат.

2010-жылы 158 өлкө үй-бүлө курууга эң төмөнкү деп 18 жашты белгилеген. Ошондо да ата-эненин же соттун макулдугу менен. 146 өлкөдө кыздарга ата-эненин уруксаты менен 18ге жетпеген жашта турмуш курууга болот. Ал эми дүйнөнүн 52 өлкөсүндө жакындардын уруксаты бар болсо кыздарга 15 жаштан күйөөгө тийүүгө болот.

Расмий маалыматтар боюнча көп өлкөлөрдө турмуш куруу жашы 18 жаштан башталып, айрымдарында атайын уруксат менен 16-17 жаш деп көрсөтүлөт. Ливанда кыздар үчүн соттун уруксаты менен 9 жаштан өйдө турмушка чыгууга уруксат бар.

Эл ичинде калыптанган стереотип

Кыргызстанда 18 жетпей 15-16 жашында турмуш куруп алгандар жок эмес. Тескерисинче, үй-бүлө күтпөй көпкө жүрүп калгандар да бар. Кыздардын бой жетип, 23 жаштан өткөн курагы көп талкууга алынат. Ар бир жолуккан адам «Сен качан турмашка чыгасың?» деп сурай бериши мүмкүн.

Мындан 15-20 жыл мурунку жашоо образынын азыркыдан айырмасы чоң. Ала качуунун саны алда канча азайды. Андан сырткары кыздар окуп, окууга көңүл бөлүп, чет өлкөгө кетип окуп, андан соң карьера деп жүрүп турмуш жөнүндө кеч ойлонот. Айрым кыздар али кеч эмес деп 25 жаштын ары жагын бычып койгон учурлар кездешет.

Ал эми 30дан өтүп кеткен бийкеч коомго башкача көрүнүп, тааныш-билиштер аянычтуу көз менен карап калышы да ыктымал. Мындай учурда ата-эне, туугандар чогулуп ал кыздын тагдырын чечүүнү өздөрү колго ала баштайт.

Тажатма суроолордон тажагандар

Мындай абалды өз башынан өткөрүп жаткан Бишкек шаарынын тургуну Бурул Калдыбаева өз оюн мындайча билдирет:

«Мен 28 жаштамын. Ар кандай сөздөрдөн жабыркап, ата-энеңдин үйүнө бара албай калдым. Туугандарың тажатат. Дос-курбу тандап калат экенсиң. Анча-мынча адамдарды көргүң келбейт. Анткени, эмне деп сурайт экенин билесиң жана аларга кыжырланасың», — дейт.

Ал тажаганда тынч жашоо үчүн чет өлкөгө чыгып кеткиси да келет.

Азия өлкөлөрүнөн айырмаланып, Европадагылар турмуш курууга шашылбайт. Алар биринчи кезекте карьерасын ойлошуп, 25-28 жашка чейин окуйт. Жаштардын көпчүлүк бөлүгү болушунча окуп, дүйнөнү көрүп саякатка чыгып, баарын акылга салып, ченеп- бычып отуруп үйлөнүшөт.

26 жаштагы Сайкал Малик кызынын жашоо планында азырынча турмуш куруу жөнүндө ой жок. Турмушка чыгуу жөнүндөгү суроолорду ал стандарттуу тажатма суроолор деп эсептейт.

«Качан турмушка чыгасың» жана «Эмнеге жигитиң жок» деген эки суроо бар. Чындап эле психикага терс таасирин тийгизет экен. Жүз жолу сурап тажатышат. Апам менен чоң энем да кабатырлана баштады. Адамдар мени бактысыз деп ойлошот. Мен бактылуумун. Анткени менде үй-бүлөдөн башка бардык нерсе бар» — дейт ал.

Эрте-кечи барбы турмуштун?

Ал эми 28 жаштагы Наргүл Досматова турмуш жөнүндөгү суроолор ал үчүн оор тема экенин айтат. Ал 23-24 жашта күйөөгө тийүү туура деп эсептейт.

«Турмушка өз убагында чыксаң балдарың өзүңө теңелип эрте чоңоёт. Жаш өткөн сайын тандап калат экенсиң. Анан калса корко бересиң, күйөөгө тийсең жашоо токтоп калчудай сезилет. Кандай үй-бүлөгө барам деп ойлоно бересиң» — дейт.

Ошентип, айрымдар окуп-иштеп жүрө бергенди тандаса кээ бир кыздар эрте же өз убагында турмуш курууну туура деп эсептейт. Ал эми айрымдардын көз карашында кызды күйөөгө эрте узатуу керек. Мындай жол аларды «ар кандай күнөөлөргө чалынуудан» сактайт деп эсептешет.

Ал эми 21 жаштагы Айгүл Маматазимованын турмуш курганына 3 жыл толду. Ал эрте турмуш курууга каршы эмес. Бирок, 16-17 жашты абдан эрте деп эсептейт.

«Турмуш курганыма өкүнбөймүн. Негизгиси, кандай жерге, кандай үй-бүлөгө туш болосуң ошол маанилүү» — дейт.

Айтор, турмуш куруунун курагы боюнча ар кимдин ар кандай ою бар. Элдин менталитетинде калыптанган стереотиптер кыргыз кыздарын эле эмес боордош казак, өзбек, тажик, түркмөн элдеринин кыздарын да тажатат.

 

Бөлүшүү