Белгиянын түштүк батышындагы Шиме шаарындагы спорт борборунда жардыруу болду.

Укук коргоо органдарынын билдирүүсү боюнча бир адам каза таап, төртөө жарадар болгон. Экөөнүн абалы оор экенин айтылат.

Машыгуу борборунун имараты урап калган. Куткаруучулар урандынын астында калгандарды издешүүдө.

Жардыруунун эмне себептен болгону иликтенүүдө. Теракттын белгилери жок. Газдын жарылуусу кырсыкка себеп болушу мүмкүн дешүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү