Кармалган жаран 43 жашта.

Ал Орусиянын жараны, Бишкек шаарында убактылуу батирде жашаган.

ШИИБ билдиргендей, милиция кызматкерлери тинтүү ишин жүргүзгөндө террордук топтун желеги, ок атуучу курал, ок-дарылар, диний-экстремисттик маанайдагы китептер, телефон, дисктер, баңгизат, бет кап, граната табылган.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Эми террордук топтун башка мүчөлөрүн кармоо иштери жүрүп жатат.

unnamed

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү