Тоң районунун Кажы-Сай айыл аймагында 4471 түтүн жашайт. 

Аймакта болгону жалгыз 1947-жылы курулган оорукана бар.

БУУнун өнүктүрүү программасынын долбоорунун негизинде Орусия каржылап оорукананын чатыры алмаштырылды. Бирок имарат дагы деле оңдоп-түзөөгө муктаж.

Сүрөт: Saat.kg
Сүрөт: Saat.kg

Эң башкы көйгөй — дарыгерлердин жетишсиздиги.

Аймакта бир гана дарыгер иштейт. Ал да пенсия курагындагы адам.

Мед айым Гүлнара Чыймыеванын айтуусунда жаштар иштегиси келбейт. Ооруканада кан басымы көтөрүлгөндөр гана жатпаса, калганы райондук борборго барышат.

«Айлыгыбыз аз, болгону 7 миң. Айылда мугалим менен дарыгерликтен башка жумуш жок»-деген Чыймыева жаш кадрлар келсе деген үмүттө.

Оор оорулуулар районго такси жалдап барышат. Ал 300-500 сомдун тегереги. Элет тургуну үчүн бул аябай эле чоң акча.

 

Бөлүшүү