Күбөлөрдүн айтымында, куткаруучуларга урандылардын алдынан аста чыккан үн угулган.
Алар бир нече саат жылаңач колдору менен ширендилерди казып отуруп 10 жашар Жоржаны куткарышкан. Кызды сууруп чыгышканда көздөрүнө жаш алышкан.
Өрт өчүрүү кызматынын башчысы Бруно Фраттази ага чейин урандылардын алдынан 215 тирүү адамды чыгарышканын билдирген. Алардын 200ү Лацио облусунан, 15и Марке облусунан табылган.
24-августта Италиянын борбордук бөлүгүндөгү Лацио, Умбрия жана Марке облустарында күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталган. Имараттар урап, алдында көп сандаган адамдар басылып калып, куткаруу иштери жүрүүдө. Курман болгондордун саны 250дөн ашты.
Сеймологдордун билдирүүсү боюнча зилзала толугу менен токтой элек. Акыркы суткаларда 500 жеңил силкинүү катталган.