Трамп Путинди мактоо менен Орусиянын саясатын колдоп жатат.

Бул тууралуу АКШнын президентигине Демократиялык партиясынан талапкер Хиллари Клинтон Time журналына берген маегинде айткан.

“Трамп НАТО шериктештигин колдогондон баш тартууда. Американын преизенттери Трумэнадан тартып Обамага чейин анын Орусияны колдоп жатканына макул эмес”, — дейт ал.

Ошондой эле Клинтон атаандашын Орусия тарабынан каржыланып жатат деп да айыптады.

Белгилей кетсек, АКШнын президенттик шайлоосу 8-ноябрда өтөт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү