Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барат.

Ал жактан II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдыктар менен таанышат. Ошондой эле Балыкчы-Корумду жолунунун курулушу менен таанышат. Чолпон-Атадагы ипподромго барат.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, ипподромду курулуш иштери бүткөн. Болгону жашылдандыруу иштери гана калды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү