Бүгүн Жогорку соттун судьяларынын катышуусунда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Түп, Тоң, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондук жана Каракол шаардык сотторунун жаңы шайланган судьяларынын салтанаттуу ант берүү аземи болуп өттү.
Ысык-Көл райондук соту – Мээрим Акматова, Космира Джусупбекова, Акылбек Сыдыков;
Түп райондук соту – Айбек Абдивалиев, Батырхан Астаев, Канатбек Мамытов;
Тоң райондук соту — Асел Сыдыгалиева, Сабыр Соодонбеков;
Ак-Суу райондук соту – Нурдин Ибраимов;
Жети-Өгүз райондук соту – Айбек Бекбулатов, Адилет Шаршеев;
Каракол шаардык соту – Ильяс Иманбеков, Уланбек Суранчиев.
Президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 24-августунда «Жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон.
Жаңы шайланган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Түп, Тоң, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондук жана Каракол шаардык сотторунун судьялары биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты.