Алааматтуу жаратылыш кырсыктары жарым жылдын ичинде көптөгөн адамдардын өмүрүн кыйган.

16-апрелде Эквадордо күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө болуп, 77 адам каза таап жана 588и жаракат алган.

15-апрелде 5,5 баллдык жер силкинүү Индонезиянын жээктеринде катталган. Жабыр тарткандар тууралуу кабар болгон эмес.

14-апрелде Жапониянын Кумамото перфектурасында 6,5 баллдык жер титирөө болгон. 41 адам набыт болуп, 4 киши дайынсыз жоголгон. Жабыр тарткандардын саны 2 миңге жеткен.

10-апрелде  Ооганстанда 6,8 балл зилзала болгон.

21-мартта Камчатканын жээктеринде 6,7 баллдык жер титирөө катталган.

2-мартта 7,8 баллдык жер силкинүү Инд океанында болуп өткөн.

6-февралда Тайвань аралында 6,4 балдык тилсиз жоо катталган. Тайнань шаары көбүрөөк жабыр тартып, 26т адам каза болгон.

25 январда Мароккодо 6,2 баллдык жер титирөө болуп, жабыр тарткандар жөнүндө кабар болгон эмес.

24-январда магнитудасы 7,1 балл болгон зилзала АКШдагы Аляска штатында катталган.

14-январда Жапониянын түндүгүндө 6,7 балл жер силкиниши байкалган.

11-январда 6,9 балддык тилсиз жоо Филиппин жана Индонезиянын жээктеринде болгон.

4-январда Индияда 6,7 баллдык жер титирөө болуп, 9 адам каза таап, 200ү жабыркап, 2 миңдей адам үйсүз калган.

24-август күнү 6,2 баллдык зилзала Италияда болду. 260ка жакын адам каза таап, учурда урандылардын алдынан адамдар изделүүдө.