Кырсык 27-августта Бишкек-Ош унаа жолунун 178-чакырымында катталып, 9 адамдын өмүрүн алып кеткен.

«Мицубиси  Лансер» унаасынын айдоочусу 30 жаштагы Жумадылов  Болот, жүргүнчүлөр 33 жаштагы Кулов  Тычтыкбек, 37 жаштагы  Исмаилова  Айзада жана 32 жаштагы Касымов Нурдин каза болгон.

Ошондой эле «Фольксваген  Пассат» авто унаасынын айдоочусу  36 жаштагы Шукуров  Жылдызбек, 36 жаштагы келинчеги Шукурова  Эльнура жана быйылкы жылдын 7-августунда жарык дүйнөгө келишкен (эгиздер) Шукурова Аэлин жана Шукуров  Алият кырсык болгон жерден каза  табышкан.

Кырсыкка учураган экинчи унаанын жүгүнчүсү  Жылдызбек кызы Нурайым болжол  менен 2002-2003-жылы  туулган Жайыл райондук ооруканага  жетпей жолдо каза болгон.

Ал эми «Митцубиси Лансер» унаасынын жүргүнчүсү 6 жаштагы Бактыбеков  Арсен аталган оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген, дарыгерлердин айтуусу боюнча абалы өтө оор экенин ӨКМ кызматынан билдиришти.

Бөлүшүү