Куткаруучу жигиттердин бирөөсү орус, бешөөсү кыргыз болгон.

Бул маалыматты Москвадагы кыргыз биримдиги коомунун мүчөсү Улан Кошматов фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.

«Өрт өчүрүүчүлөр, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери келип, кантип өчүрүп, жарандарды кантип сактайбыз деп турганда жигиттер өз жандарын аябай, шаты коюп, 4-кабаттан биздин карындаштарды алып чыгууга чоң салым кошушту. Алар 3-4 адамды сактап калышкан. Учурда ооруканада жатышат»,- деп билдирген ал.

Ошондой эле бул жарандарга мамлекет тарабынан сыйлыктар тапшырылышы керектигин кошумчалаган.

Бөлүшүү