Ноябрда Астана шаарында өтө турган бүткүл дүйнөлүк саммит ядердик куралды жоюуга арналат.

Ал казак президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен жолго коюлууда.

Борбор калаада өтө турган «Ядердик куралсыз куралган дүйнө» аталышындагы саммитке өлкө жана өкмөт башчылары, коомдук ишмерлер катышарын Назарбаев өзү билдирди.

Ал белгилегендей, анда ядердик куралга каршы күрөшүүгө катышкандарга сыйлык уюштурулуп, быйылкы жылы биринчи лауреаттарга тапшыруу аземи өтүшү мүмкүн.