Лолла Тиляеванын (Каримова) айтымында, өзбек президенти ооруканага жаткырылган.

Бул маалыматты анын кызы фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.

Ал билдиргендей, атасынын мээсине кан куюлганына байланыштуу ал реанимацияга жаткырылды.

«Туура эмес талкулоо болбош үчүн өзүмдүн баракчамда биздин үй-бүлөдө болгон аянычтуу окуялар тууралуу айтып берейин. Ишемби күнү эртең менен атамдын мээсине куюлуп, ал реанимацияга жаткырылды. Абалы туруктуу. Азыр кандайдыр бир божомолдорду коюуга эрте. Мен жалпы журтка сураныч менен кайрылам. Биздин укугубузду сыйлаңыздар. Ал эми атамды өзүнүн дубалары менен колодогон адамдарга ыраазычылыгымды билдирем»,- деп жазган ал.

Бөлүшүү