Шайлоого 3 талапкер катышууда. Жеңип чыгуу үчүн алар 101 депутаттын 68нин добушун алуу керек. 

Эгерде бирөө да тийиштүү добушту ала албай калса, экинчи жана үчүнчү турлар өткөрүлөт.

Эстониянын мамлекеттик шайлоо комиссиясы 3 талапкерди каттаган. Алар мурунку илим жана билим министри, депутат Майлис Репс, мурунку укук канцлери (акыйкатчы), адвокат Аллар Йыкса жана парламенттин төрагасы Эйки Нестора.

Аталган өлкөдө президенттик шайлоо эки деңгээлде өткөрүлөт. Өлкө башчысын алгач 3 тур менен парламент шайлайт. Эч бирөө керектүү добушка ээ боло албай калса, депутаттардан жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн турган шайлоочулардын коллегиясы шайлоону улантат.

 Азыркы президент Тоомаса Хендрика Ильвестин мөөнөтү ушул күздө аяктайт. Ал экинчи жолу постто отурганы үчүн, үчүнчү жолу шайлоого катыша албайт.

 

 

Бөлүшүү