Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциясы 31-августка карата белгиленген иш-чаралар эч өзгөрүүсүз өтө бере турганын Saat.kgге айтып берди.

Эскерте кетсек, 27-август күнү бир эле маалда эки ири кырсык болгон. Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн 14 кыргызстандык жаран каза болсо, Бишкек — Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан 9 киши көз жумган. 29-август Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланган.

«Аза күтүү күнүнө карата даярдануу иш-чаралары токтотулду. Эртең кайрадан жанданат. Расмий бизге эч кандай токтотуу же концерттик программаны өзгөртүү тууралуу буйрук келген эмес»,- деп жооп беришти аталган мекемеде.

Ушундай эле жоопту мэриядан жана маданият министирлигинен беришти.

31-август расмий эс алуу күнү деп жарыяланды.

Бул тууралуу бүгүн, 29-августта эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Буга чейин соцтармак колдонуучулары 29-31-август аза күтүү күнү деп жарыялап, майрамдык иш-чаралардан баш тартууну талап кылышкан. «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова эгемендүүлүк майрамын ошондой эле көчмөндөр оюндарын да өткөрбөш керек деген оюн фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.