Туристтер Ысык-Көл дегенде эле курорттук зона аталган Тамчы, Чолпон-Ата, Бостерини элестетет.

Көпчүлүк келген эс алуучулар да аталган аймакка барат. Бирок ошону менен катар эле Ысык-Көлдүн түштүк жээги көз жоосун алган сулуулугу менен белгилүү.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, туристтер көп деле бул аймакка келбейт. Себеби жолдун бир аз гана чакырымга алыстыгы анан шарттардын жоктугу аларды кооптонтот.
Кажы-Сай

Каракол, Тоң туристтик аймак катары белгилүү эмес. Чоң пансионаттар дээрлик жокко эсе.

«Чыныгы, нукура жаратылыш кооздугун сүйгөндөр аз-аздан келе башташты. Быйыл былтыркыга караганда эс алуучулар бир топ көп»,- деп Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Гүлмира Каратаева saat.kgге билдирди.

Каракол

Бул жерде түндүк жээкке салыштырмалуу «туристтик маал» деген түшүнүк жок. Туристтердин агымынан каражат түшөт деп толугу менен айтууга болбойт.

Акыркы убакта гана кээ бир жеке ишкерлер конок үйлөрүн куруп, кафе, ашканаларды ачышууда. Бирок Чолпон-Ата шаарындагыдай ар бир үй, жайында шарттарды түзүп кичи мейманканага айланып алган болсо, мисалы Караколдо же Кажы-Сайда бул көрүнүштү байкоого болбойт.

Келип кеткен эс алуучулардын түштүк жээкке берген баасы жана айтылган пикирлери:

«Өтө кооз, тынч жана таза. Мага жакты. Экинчи жолу Ысык-Көлгө келсек бир гана түштүк жакка барабыз»,- дейт орусиялык Игорь жана Мария Беловалар.

Ысык-Көл

«Биз үй-бүлөбүз менен жылдагыдай эле Тамчыда эс алууну адат кылып алганбыз. Бирок көл жээги кишинин көптүгүнөн абдан кир жана баасы дагы өтө эле кымбат эле. Быйыл Кажы-Сайда эс алууну чечип, абдан ыраазы борлуп отурабыз. Биринчиден, арзан, экинчиден, тоолордун жакындыгы, үчүнчүдөн, көлдүн тазалыгы. Эмне үчүн буга чейин келбей жүргөнбүз билбейм»,- деп эс алуучу Жамал Матказиева saat.kgге айтып берди.

Ысык-Көл

«Туристтик операторлор Каракол, Жети-Өгүз жараланган аска, шаркыратма туристтерде белгилүү болуп келген. Бирок көлгө түшүүнү каалагандар Бостери же Чолпон-Атаны тандашчу. Азыр болсо түштүк жээкте эс алууну каалагандар көбөйдү»,- деп бир ооздон айтышат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү