28-августта Кыргызстандын жана Орусиянын тышкы иштер министрлери сүйлөшүү жүргүздү.

Орусиянын министри Сергей Лавров терең кайгыруу менен көңүл айтты. Ошондой эле бул окуя боюнча көп тараптуу иликтөө боло турганын айтып, күнөөлүү адамдар жоопко тартыла турганын кошумчалады.

Ал эми Кыргызстандын министри Эрлан Абдылдаев болсо көңүл айтып, колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

27-августта Москва шаарынын Алтуфьевское шоссесинде жайгашкан басмаканада өрт чыккан. 17 жаран каза таап, 3 адам ооруканага жаткырылган. Үчөө Орусиянын ал эми калгандары Кыргызстандын жарандары болгондугу айтылат. 29-август аза күтүү күнү деп жарыяланды