Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясы кезектеги отурумунда ЕАЭБдин техникалык регламентинин жаңы редакциясын жактырды.
ЕАЭБдин техникалык регламенти биримдиктеги продукциялардын коопсуздугун коргогон негизги документ болуп эсептелинет. Документке кошумча бөлүм кошулуп, бирдиктүү санитардык талаптарга да жөнөкөйлөтүүлөр киргизилди.
ЕЭКтин коллегиясы ыйгарым укукка ээ жана транспорт каражаттарын кураган, өзү жүргөн унааларды жана башка техниканын түрлөрүн жасаган, электрондук паспортторду каттаган ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана ыйгарым укуктуу өлкөлөрүнүн тизмесинин түзүлүш ыкмасына өзгөртүүлөрдү киргизди.
Ал өзгөртүүлөр тизмеге ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында каттоодо турган жеке ишкерлерди транспорт куруучулары катары киргизе алат.