Венгриялык окумуштуулар сыноого 11 ит катыштырган.

Алар эсперемент учурунда томографида жатып, машыктыруучусунун үнүн угуш керек болчу деп билдирет НТВ телеканалы. Жаныбарлардын мээ сигналынын чечмелөөсүнөн улам, нейрофизиолог иттер кадимки айтылган сөз менен маанисиз сөздү айырмалай алышат деген жыйынтыкка келишти.

Андан сырткары, иттердин мээсинин биринчи бөлүгү эмоционалдуу сөздөргө реакция жүргүзөөрүн жана аны айырмалай ала турганы белгилүү болду. Бул иттердин мээси адамдыкындай эле иштейт дегенди билдирет. Албетте, жалпысынан адамдын тилин иттер түшүнбөйт, бирок сөздөрдүн мазмунун караштырып сүйлөө керек.

Автор: Нуркыз Маматова