Окуу жылынын башталары менен көчөлөрдө кыймыл көбөйдү.

Быйылкы жаңы окуу жылына карата патрулдук милиция Кыргызстан боюнча 1985 мектепке тиешелүү территорияларда текшерүү иштерин жүргүзгөн. Анын алкагында 763 жол белгиси коюлуп, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү 41 миң 946 чарчы жердеги ала сызыктар боёлгон.

80ден ашуун рейддик операциялар, коомдук транспорттордун айдоочулары, жүргүнчү ташуу боюнча фирма жана ЖЧКлар менен 130 профилактикалык маектер курулган. Анда кырсыктарын азайтуу, балдардын өлүмүнө алып келе турган жол кырсыктарына жол бербөөгө байланышкан маселелер каралган. Айдоочулар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, коомдук транспорттордун 60%на «Абайла, жолдо балдар бар!» деген белгилер жабыштырылган.

Андан сырткары мектеп окуучулары менен сүйлөшүүлөр болуп, ар бир мектепке окуучу, мугалим жана ата-энелер менен иштеше турган бирден патрулдук милиция кызматкери бекитилгенин ПМ башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.