Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-сентябрда жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды.
Жолугушууда уюмдун азыркы ишине байланышкан жана быйыл октябрь айында өтө турган жамааттык коопсуздук кеӊешинин сессиясына жана ЖККУнун уставдык органдарынын жыйындарына даярдыктардын жүрүшү тууралу маселелер талкууланды.
Мындан тышкары алар эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге биргелешип каршы туруу пландарын, ошондой эле региондук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүлөр аспектилерин талкуулашты.
Кыргызстанга сапарынын алкагында ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа 1916-жылдагы окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун урматына эстеликтин ачылуу аземине катышат.