Алмазбек Атамбаев элди бириктирүүгө багытталган сөздөрдү айтуунун ордуна чоң майрамды бузганын бүгүнкү ЖК жыйынында Өмүрбек Текебаев айтты.

«Атамбаев кечээ «Роза Отунбаева мыйзамсыз шайланган, ал «самозванка»! деп айтты. Эгер буга унчукпай койсок туура эмес болот. Роза Отунбаева оор мезгилде Убактылуу өкмөттү жетелеп, жоопкерчиликти моюнуна алды. Бул өкмөт болгону 3 ай иштеди. Бул убакыт ичинде Отунбаеваны бүт дүйнө тааныды «, — деди ал.