АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри бул сөздү Кыргызстанды эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы менен куттуктап жатып айтты.

АКШ 25 жыл илгери өлкөнүн эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп таанып, чейрек кылымдан бери колдоп, достук, өнөктөштүк мамиледе келе жатканын белгиледи.

«Бул арада бизди Кыргызстан менен демократияга умтулгандык, плюрализмди сыйлоо жана бардыгына бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөр менен саясий ишенимдер байланыштырды» — деген Керри.

Мындан тышкары, туруктуу жана гүлдөп жаткан Кыргызстан бардык аймактар үчүн үлгү боло ала турганын кошумчалады.