Өзбекстан расмий түрдө 25 жыл башкарган президент Ислам Каримов дүйнө салгандыгын кабарлады.

Ал өзүнүн кичи мекени Самаркандда коюлат.

Ал эми өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков башында турган КР делегациясы сөөктү жерге берүү аземине катышат.

Өкмөт башчысы Самаркандга 3-сентябрда күндүн биринчи жарымында жөнөп кетет.