Бүгүн Ак үйдүн алдында укук коргоочу, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров акция өткөрүп жатат.

Сүрөт: Saat.kg
Сүрөт: Saat.kg

Ал депутаттар 12-сентябрга чейин тыныгууга кеткенине нааразы. Жарандык активист колуна өтүктү көтөрүп чыкты.

«Алар эмне үчүн иштебейт? 2 айдан кийин келип алып 12 күнгө тарап кетишет? Үңкүр-Тоо, Москвадагы өрттөн каза болгондор, рефрендум жана башка толгон токой маселелер турса алар чечпестен эс алууга кеткени туура эмес. Биз алардын бул маселерди чечүүсүн талап кылабыз», — дейт ал.

Ал эми укук коргоо органынын кызматкерлери адаттагыдай ага акция өткөрүүгө тоскоол жаратты.

Сүрөт: Saat.kg
Сүрөт: Saat.kg

Бүгүн ЖК басма сөз кызматы 12-сентябрга чейин парламенттин тармактык комитеттеринде иштер жүрө турганын билдирди. Ошондой эле фракция жыйындары дагы өтмөкчү.

Бөлүшүү