Айрым ЖМКларга чыккан Жогорку Кеңеште 12-сентябрына чейин танапис жарыяланды деген сындуу маалыматтар чындыкка коошпойт.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, календарлык планга ылайык, 12-сентябрга чейин парламенттин тармактык комитеттеринде иштер жүрөт. Ошондой эле фракция жыйындары дагы өтмөкчү.

Бир катар депутаттардын II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша тургандыгына байланыштуу Жогорку Кеңештин жыйындары гана убактылуу токтотулат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү