Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда «көчмөндөр ааламы» өтүүдө.

Фольклордук номурлар, каскадерлордун чыгуулары, ат оюндары, этно ырлар, акындардын айтышы, миңдеген коноктор жана 300гө жакын тигилген боз үй көчмөндөрдүн тарыхын жана жашоосун чагылдырды.