Кырчындагы «Кыргыз айылында» «Көчмөндөр ааламы» аттуу фольклордук фестиваль уланууда.

Кытайдан келген маданият кербени улуттук кийимдеринин көргөзмөсү менен бирге,»анцай» бийин көрсөтүп беришти.

Башкорстан жана Калмык эли «Туран» жана «Сагын» бийин тартуулашты.

Жапония сумо күрөшүн, ал эми Венгр каскадерлору ат үстүндө оюн көрсөтүштү.

Катар эли бүркүт менен аңчылык оюунун көрсөтсө, Корея, Жапония, Тажикстан, Казакстан, Индия, Греция, Түркмөстан ырчылары элдик ырларды аткарып беришти.