Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-сентябрда коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчысы улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, антитеррордук чараларды жана диний терроризм менен күрөштү күчөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралу маалыматты укту.

Жумакадыров ошондой эле президентке чек ара маселелерин чечүү, мамлекеттик чек араларды кайтарууну жана коргоону күчөтүү, андан тышкары Кыргызстандын 4 жаранын өзбек тараптын кармап турушуна байланышкан кырдаалды жөнгө салуу боюнча  компетенттүү мамлекеттик органдар көрүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.

Атамбаев жарандардын коопсуздугун, мамлекеттик чек аралардын кол тийбестигин  камсыз кылуу боюнча коюлган милдеттерди так аткаруу жана өтө аяр мамилени талап кылган чек ара проблемаларын конструктивдүү чечүү багытын улантуу зарылдыгын белгиледи.