Бүгүн көк бөрү боюнча финалдык оюн Чолпон-Атадагы ат майданда өтүп, Кыргызстан 15:3 эсебинде жеңишке жетти.

Кураманын негизги оюнчулары Манас Ниязов, Рустам Тыналиев жана Темир Молдокулов оюндан кийин saat.kgге оюн учурундагы сезимдери тууралуу айтып беришти.

“2 ай бою даярдандык. Жеңишибизди кыргыз элине арнайбыз. Бул оюнду аябай күттүк”,- дейт Рустам Тыналиев.

“Жеңиш оңой келген жок, казактар күчтүү курама”,- деди Манас Ниязов.

Жалпысынан оюнчулар жеңиш үчүн бардык аракетин жумшады.

Ал эми казак курамасынын машыктыруучусу жеңилүүгө бир нече фактор таасир бергенин айтып өттү.

“Бул спорт, жеңгени, жеңилгени болот. Эң башкысы көк бөрүнү жаңы деңгээлге чыгаруу керек”,- деген оюун saat.kgге билдирди.