Мурунку өкмөт башчы кызматын өткөрүп берүүсүнүн себебин өлкөдөгү экономиканын артка кетүүсү жана жарандык толкундардын өөрчүп жатышы менен түшүндүргөн.

«Мамлекетке жаңыча башталыштар керек. Биз келечек жөнүндө ойлонуп, жаңы өкмөттү түшүбүз керек», — деп экс-премьер-министр Овик Абрамян билдирген.

Буга чейин бир нече жума мурун Армениянын президенти Серж Саргсян өкмөттүн жаңы түзүмүн куруу тууралуу пикирин билдирген эле.

Абрамян эки жылдан бери өлкөнүн премьер-министри болуп келген. Өткөн жылы экономикалык өсүштүн жайлап кетиши байкалган. Өкмөттү башкаруу убагында Тоолуу Карабактагы окуялар менен Еревандагы куралдуу топтордун полиция имаратын басап алуусу курчуп турган.

Эми президент мурунку өкмөт башчынын ордуна Карен Карапетянды бекитти. Ал мурун газотранспорттук ишкананы башкарып, бир кездерде Еревандын мэри болгон.