Кечээ түндө Өзбекстан Үңкүр-Тоонун тактала элек жеринен кармап кеткен 4 кыргыз жаранын Ала-Бука районундагы чек арачыларга өткөрүп берди.

Бул тууралуу чек ара кызматы билдирди. 8-августта эки тараптын делегаттары жолуккан. Анын ичинде чек кызматынын жана укук коргоо органынын кызматкерлери болгон. Бул сүйлөшүнүн жыйынтыгында кармалгандар бошотулду. Учурда алар өздөрүнүн үйүндө.

Өзбек милициясы 22-августта Үңкүр-Тоодо жайгашкан телемунарагатик учак менен келип, ал жерде иштеген 4 кызматкерди өздөрү тарапка алып кетишкен.

Алардын туугандары тез арада бошотууну талап кылып президент Алмазбек Атамбаевге кайралган.

Бөлүшүү