Томас Платт жалпак курттун бул түрүн өзү ачкан. Baracktrema obamai курту кээ бир ташбакалардын канында болот. 

Узундугу 5 см жеткен куртка президенттин атын берүүдө биолог аны шылдыңдоо иретинде эмес, даңктоо үчун койгонун айткан. Ал жаныбарлардын жаңы түрүнө атын бердирүү үчүн айрымдар 5 миң долларга чейин каражат төлөшөт.

«Ал өтө ичке, узун, ошондой эле сонун» деп окумуштуу куртка сыпаттама берет.

Baracktrema obamai адамдарга оору жугуза турган мителердин катарына киргени менен өзү жашаган ташбакага да зыяны жок экенин биолог кошумчалаган.