Эгерде жанар тоо кайрадан атыла турган болсо, Кагосима шаарын жок кылып кетиши мүмкүн.

«Сакурадзима» буга чейин 1914-жылы аталган шаарды талкалап, бир канча миңдеген адамдардын өмүрүн алып кеткен. Ошого жараша бул жанар тоо «Чыгыш помпеясы» деген атты алган. Ал Жапониядагы эң кооптуу жана тынч эмес вулкандын очогу болуп эсептелинет. Анын үстүндө азыр да күл менен түтүндүн булуту кетпей турат.

Былтыркы жылдын августунда «Сакурудзима» кайрадан жанданып барып басылган. Шаар мэриясы элди эвакуациялаганга мажбур болгон. Ошондон улам окумуштуулар аны көзөмөлгө ала баштаган эле.

Спутник аркылуу алынган маалыматтар боюнча акыркы кездерде жанар тоонун магмага толуп жатканы байкалган. Деңиз деңгээлине салыштырмалуу бийиктиги жогорулай баштаганынан улам, акыркы убактарда коркунуч жаралары ыктымал болуп турат.

Андыктан окумуштуулар жанар тоонун 20-25 жыл аралыгында атылышы мүмкүн экенин айтып, Жапония бийлигин жаратылыш кырсыгына даяр болууга чакырышат.