Centerra Gold Inc компаниясынын акциялары бир жуманын ичинде түшүп кетти. Буга чейин 8,6% болуп  турган.

Мындай көрүнүш ишкананын акцияларынын баасы өлчөнүп турган Торонтодогу фонддук биржада байкалган.

Жөнөкөй акциянын баасы жуманын башында 5,52 долларды түзүп, аягында 5,22 доллардан сатылган. Ошондой эле аталган компаниядагы Кыргызстандын 28,8%дык акция пакеттери 19 млн долларга арзандап кеткен. Мурун 426,88 млн доллар болсо, азыр 407,88 млн долларды түзүп калды.

«Центерранын» акциялары  S&P/TSX Global Gold Index аталышындагы дүйнөлүк ири алтын казуучу ишканалардын индексине карата арзандап кетти. Анын баасы бир жуманын ичинде 3,96%га төмөндөгөн.