Google тарабынан каржыланган First Draft News долбоору шейшемби күнү тармактар менен өнөктөшөөрүн жарыялады.

Риа новости жазгандай, Facebook, Twitter жана бир катар маалымат агенттиктери социалдык тармактарда туура эмес жайылган маалыматтарды жоюу жана алардын сапатын жакшыртуу максатында биргеликте иштешүүнү чечти.

 «Ар бир өнөктөш (тармактагы) бири-бирине маалыматтар менен бөлүшүп  туруусу шарт. Социалдык тармактарда жаңылыктарды издөө үчүн,  журналисттерге түрдүү тренингдерди иштеп чыгуу керек», — дейт долбоордун  жетекчиси Дженни Сарджент.

Анын айтымында, кимдир бирөө маалымат булагы болуп санала берет. Ошондуктан социалдык тармак аркылуу таралган маалыматтардын сапатын көтөрүш керек экенине токтолду.

Автор: Нуркыз Маматова