Дарига Назарбаеваны парламент сенатына депутаттыкка дайындады.

Тиешелүү жарлык 13-сентябрда чыкты. Ушул эле күнү өкмөттүн жаңыланган курамы жарыяланган.

Дарига Назарбаева 2015-жылдын сентябрынан бери вице-премьер-министрлик кызматта болчу. Ага чейин парламент мажлисинин төрага орун басарлыгын аркалаган.

9-сентябрда премьер-министр Карим Масимов кызматынан бошотулуп, улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилигине бекитилген. Өкмөт башчылыкка Бакытжан Сагинтаев келген.