Түркмөн парламенти 14-сентябрда жаңы Баш мыйзам кабыл алды.
Анда 70 жаштан өткөн жаран президент болуп шайланууга укугун алды. Ошондой эле башкаруу мөөнөтү 5-7 жылга чейин узарды.
Жаңы Конституция парламент тарабынан толук жактырылды. Добуш берүү түркмөн аксакалдар кеңешинин жыйынында өттү. Президент Гурбангулы Бердымухамедов мыйзамга кол коюп, ал өз күчүнө кирди.
«Буга чейинки 2008-жылы кабыл алынган баш мыйзамга ылайык, президентикке Түркмөнстанда төрөлгөн, 40-70 жашка чейинки өлкөнүн жараны шайлана алмак. Жаңы баш мыйзам социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жаңы баскычына өткөндүгүбүздөн кабар берет»,- деп кошумчалады Бердымухаммедов.