КМШ өлкө башчыларынын саммитине Өзбекстандын тышкы иштер министри келе турган болду.

Бул тууралуу президенттик аппараттын жетекчисинин рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев ички жумуштар менен алек болуп, саммитке келе албайт.

«Биз бүгүн андан жылуу маанайдагы кат алдык. Алар президенттик шайлоого даярданып жатышат. Бул биздин алар менен болгон мамилеге байланыштуу эмес. Сооронбай Жээнбеков менен Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшүштү. Биздин мамиле жаман болгон жок», — дейт ал.