Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн  Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду кабыл алды.

Жолугушууда кыргыз-өзбек мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды.

Абдулазиз Камилов өзбек тарап позитивдүү маанайда жана өз ара сыйлашуунун жана кошуналык салттардын негизинде кыргыз-өзбек мамилелеринин бүтүндөй комплекси боюнча активдүү ишти баштоого даяр экендигин билдирди.

Тараптар эки тараптуу мамилелерди активдештирүүгө кызыкдар экендигин жана эки өлкө ортосундагы маселелерди конструктивдүү диалог жолу менен чечүүгө олуттуу саясий маанайдын бар экендигин бекемдешти.

Камилов Атамбаевге Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёевдин саламын жана чын жүрөктөн чыккан каалоолорун айтты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү