«Жаңы толкун — 2016» сынагынын катышуучусу Нурсултан Азыкбаев эмнеге Лепс менен ырдабай калганын айтып берди.

«Григорий Лепстин убакыты тар болгондугуна байланыштуу чогуу ырдабай калдык. Ошол себептен Ромади менен ырдадым. Жеңишке жеткен жокмун, бирок 4-орун да мен үчүн чоң жетишкендик. Эң негизгиси өзүм үчүн чоң тажрыйба топтоп жана жаңы ачылыштарды жасадым. Ал эми мени колдогондорго чоң ыраазычылык билдирем. Бир гана Кыргызстанда эмес, чет жерде да колдогондор мен үчүн жагымдуу болду», — дейт ал.

Орусиянын композитору Игорь Крутой Нурсултан Азыкбаевдин «Чувство мои» жана Арсендин «Сезим» аттуу чыгармалырын алардын радиолоруна жиберүүнү сунуштаган.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын атынан «Жаңы толкун» сынагына Нурсултан Азыкбаев катышып, 414 упай менен 4-орунга ээ болгон.

Автор: Нуркыз Маматова

Бөлүшүү