Мексиканын кылмыш издөө башкармалыгынын башчысы Томас Зерон жоголгон студенттерди издөөгө карата сын-пикир уккандан кийин кызматынан кетти.

Мындан эки жыл мурун Игуала шаарында 43 студент бирөөлөр тарабынан уурдалган. Зерон ошол мезгилден тарта издөө-иликтөө иштерин көзөмөлдөп турган эле. Бирок ушул убакка чейин алардын дайыны эч жерден чыккан эмес.

Былтыр башкы прокурордун ордун ээлеп турган Хесус Мурильо Карамдын студенттердин өлтүрүлгөнү тууралуу айтканы боюнча маалыматтар тараган. Анда полиция кызматкерлери жаштарды уурдап, бандиттердин колуна салып берген. Алар Кокула шаарында өлтүрүлүп, сөөктөрү өрттөлүп Сан-Хуан дарыясына ыргытылган. Буга карата Игуала шаарыны мэри баш болгон 100дөн ашуун адам камалганы айтылган.

Анткени менен окуя аягына чейин иликтенип, чын-бышыгы билине элек.

Бөлүшүү