Бүгүн ЖК жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Мээрбек Мискенбаев мародёрлуктун бетинин ачылышы керек экенине токтолду.

Анын айтымында, бул теманы козгонгондо Текебаев чычалайт.

“Өмүрбек Текебаев партиянын, фракциянын лидерлерине, президентибизге акаарат келтирүүдө. Конституция боюнча талкууда өз оюн пикирин айтпай, каяктагы анегдотторду айтып жатат. Маектеринин биринде “мен эркекмин” деген оюн айтууда. Бул эмне деген сөз, саясатчынын айта турган сөзүбү? Бул сасык иш болду. Жаман ит өлсө, өлүгүн сасытып өлөт болуп жатат”, — дейт ал.

Ошону менен катар эле ал сөзүндө убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү 7-апрелдеги берген анттын унутуп жатканына токтолду.

“Убакытылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү берген анттарын унуттуңарбы? Алар кайра эле бийликке келүүгө аракет кылып жатат”, -дейт.

Ошол эле учурда “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз ЖКнын жыйынындагы ар кандай маселелер өкмөткө тапшырмаларды берүү үчүн өтөт деген оюн айтты.

“Бул жерде өз ара кек алууга, бирөөнү талдоого жол бербеш керек. Кээ бир депутаттардын кызыктуу ойлору болсо ошол эле революция, мародёрлук боюнча, чоң талдоо өткөрөлү. Менин оюмча Өмүрбек Чиркешовичтин да бир топ айта турган сөзү бар болуш керек”, — дейт.

Бөлүшүү