АКШ президенттигине талапкер, демократ Хиллари Клинтон пневмония оорусу менен ооруп, дарыланып чыкты.
Дарыгеринин билдирүүсүндө, анын кесели пневмониянын жугуштуу эмес түрү. Ага 10 күн антибиотик ичүү сунушталган. Азыр Клинтондун саламаттыгы дурус экенин дарыгерлери айтат.
Анын оорусу 2001-жылы 11-сентябрдагы терактта курман болгондорду эскерип жатканда башталган. Ошондон улам шайлоого чейинки иштерин токтото турууга мажбур болгон.