Маалымат китепче кыргыз жана орус тилдеринде 300 нускалык тираж менен басылып чыкты.

Китепче мигранттар үчүн даярдалып, талаш-тартыштуу маселелердин алдын алуу жана аларды оңой чечип алууга арналган.

Мигранттар тушуккан маселелер кандай чара көрүү керектиги жана ар кандай суроолорго жооптор Красноярск аймагынын губернаторуна караштуу коомчулук менен байланыш башкармалыгы, улуттук-маданий уюмдардын өкүлдөрү, илимий эксперттер тарабынан берилген.

Брошюранын алгачкы 300 даанасы аэропорттордо жана автобус станцияларында таратыла турганын «Замандаш» ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирет.