Дакка шаарында курман айтка карата 100 миңдей жандык союлган.
Шаар башкармалыгы малдарды шаардан обочороок алып барып союуга уруксат берген. Бирок катуу жааган жаандын айынан көпчүлүк үйүнөн алыс чыга албай, унаа токтотуучу жайларда, гараждарда, көчө кесилиштеринде курмандык чалышкан.
Майрамдан кийин көчөлөрдү сел алып, союлган жандыктардын каны жолду катар ага баштаган. Көчөлөрдө кадимки кан аралаш суу агууда. Мындай көрүнүш шаар тургундарын чочута алган жок. Анткени, ал жакта нөшөрлөгөн жамгыр көп жаайт жанан курмандык жылына чалынып турат.