«Республика — Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыккандарды жана жактоочуларды биримдикке чакырды.

«Талаш-тартышка убакыт, каражат дагы жок. Биз ачык иштешибиз керек. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө кайрылгым келет. 6 жыл мурун силер Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруусунан коркпой бирге чыккансыңар. Силерди түрмөгө отургузса да коркпой ачык сүйлөдүңөр. Бизде бир гана жол бар бул — биримдик», -дейт Бабанов.

Анын айтымында, Баш мыйзамдын өзгөрүшү тууралуу талаш-тартыштын мааниси жок. Баарын эл чечет деген оюн айтты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү