Грузиянын Тбилиси шаарында өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионаты уланууда.

Бириккен күрөш федерациясы кабарлагандай, 15-сентябрда 65 кг чейинки салмактагы кыз-келиндер арасында мелдеш өткөрүлдү.

Анда кыргызстандык Мээрим Жуманазарова белорусссиялык Ханна Садчанканы 10:2 эсебинде жеңип, бирок, ¼ финалда жапониялык Миве Морикавага 0:4 менен утулуп калды.

Ал эми жубатуучу мелдештин биринчи беттешин түркиялык Асла Хасан Демирге каршы өткөрүп 11:1, андан соң латвиялык Аукса Руткаускайтени  жеңди.

Жыйынтыгында  балбан кыз 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды.

Мээрим Жуманазарова3